Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мал чарба тармагын өнүктүрүүгө кошкон орчундуу салымы үчүн бир катар адамдарга сыйлык тапшырды
20
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-июлда, Чүй облусунун Суусамыр жайлоосунда өткөн Кыргыз Республикасынын малчыларынын V республикалык чогулушуна катышты.  Чогулуштун алкагында Өкмөт башчы энчилүү сааттар менен төмөндөгүлөрдү сыйлады: – Кыргыз Републикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагындагы “Аракет-Агро” дыйкан чарбасынын башчысы Таир уулу Акматалы; – Кыргыз Републикасынын ветеринардык статуардык органынын тренер-консультанты Абдрасулов Абдугани Халмурзаевич. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Сосновка» постунун жана салмак көлөмдүк контролдоо пунктунун ишин көзөмөлдөдү
20
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-июлда, Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Бишкек–Ош унаа жолундагы «Сосновка» постунун иши менен таанышты, учурда мында төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук тутуму пилоттук режимде иш алып барууда. Өкмөт башчыга маалымдалгандай, постто датчиктер, видеокөзөмөлдөө камералары жана пост аркылуу өтүп жаткан транспорт каражаттары тууралуу маалыматтар жөнөтүлүп турган борбордук сервер менен интеграциялашкан Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Аймактарды өнүктүрүү жылы алкагындагы Өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири – мал чарбачылыгы тармагын жакшыртуу
20
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-июлда, Чүй облусунун Суусамыр жайлоосунда өткөн Кыргыз Республикасынын малчыларынын V республикалык чогулушуна катышты. Өкмөт башчы өз сөзүндө белгилегендей, мал чарбасы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары саналат. «Өлкө Президентинин Жарлыгына ылайык, 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган, аймактык саясаттын башкы максаты – элибиздин жашоо-шартын жакшыртып, республиканын аймактарын өнүктүрүү. Бул Уландысы

Көлмөлөр – балдардын жана өспүрүмдөрдүн өмүрүнө коопсуздук туудурган нерсе. Муну ар бир ата-эне эсте тутуусу зарыл
20
Теке

Ачык турган көлмөлөр – бул балдардын жана өспүрүмдөрдүн өмүрүнө коопсуздук туудурган нерсе. Муну ар бир ата-эне эсте тутуусу зарыл. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 20-июлда, сууда коопсуздук эрежелерин сактоо маселеси боюнча жумушчу кеңешменин жүрүшүндө билдирди. «Жайкы каникулдардын башталышы менен жаш балдардын жана өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп кетүү учурлары көп катталууда. Көбүнэсе балдардын жана Уландысы

Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэринин ээлеген кызматынан бошотулду
19
Теке

Бишкек шаардык кеңеши тарабынан ишеним көрсөтүлбөгү тууралуу чечимине байланыштуу Ибраимов Албек Сабирбекович Бишкек шаарынын мэринин ээлеген кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү буйрука кол койду.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Ачык Өкмөт» демилгесинин V Глобалдык саммитине катышты
18
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-июлда, Тбилиси шаарында (Грузия) «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин (OGP) V Глобалдык саммитине катышты. Иш-чарага дүйнөнүн 70 ашуун өлкөсүнөн өкүлдөр катышты. OGP Глобалдык саммитинин ачылышы алкагында Өкмөт башчы панелдик дискуссияга катышты. Премьер-министр суроолорго жооп берүү учурунда белгилегендей, Кыргызстан «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгүнө мамлекеттик башкарууну жакшыртуу боюнча чараларды натыйжалуу ишке Уландысы

 
ФОТО ВИДЕО АУДИО
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР